Бүгүн, 1-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 477 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 255, Ош – 8, Чүй облусунан – 155, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 14. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 95 752 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 270 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 89 461ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 178, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 61, Ош облусунан – 8, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 5, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл обулсунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1612ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ