Menu

Фото – Садыр Жапаров чек ара жаңжалынан жарадар болуп, Бишкекте дарыланып жаткан жарандардан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда (БТОИБ) дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча маалымат берилди. Садыр Жапаров жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурады жана алардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.

Президент аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 30-апрелинде Баткен облусунан 46 жабырлануучу аскердик учактар менен Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардам алышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: