Menu

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган, анда волонтерлор тараптан жарандык коомчулуктан жана бизнес-түзүм өкүлдөрүнөн Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган мекендештерге жөнөтүү үчүн гумантирдык жардам кабыл алынууда.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек району үчүн келип түшкөн 60 тонна гуманитардык жүктү бөлүштүрүп баштады (гуманитардык жүктүн 40 тоннасы – Жалал-Абад облусунан калкынан, 20 тоннасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча келип түшкөн).

Гуманитардык жүктүн 40 тоннасы Кулунду, Максат, Арка айылдарынын тургундары ортосунда бөлүштүрүлөт, гуманитардык жүктүн 20 тоннасы учурда Арка жана Достук айылынын тургундары жайгашкан Маргун айыл округунун тургундарына багытталат.

Белгилей кетсек, жүктү жеткирүү ыкчамдыгын жана штаб ишинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн бардык гуманитардык көмөктү бир түйүндө топтоо зарыл, себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту үчүн гана гуманитардык жүк жеткирүү үчүн «жашыл коридор» уюштурулат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү үчүн Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган мекендештерге көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандарды гуманитардык жардамды Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында жайгашкан «Баткенге көмөк» штабынын түйүнүнө багыттоого чакырабыз.

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган тургундар биринчи кезекте төмөнкүлөргө муктаж:
– консервалар;
– тез даярдалуучу продуктулар;
– балдар азык-түлүгү;
– суусундуктар;
– памперстер;
– жеке гигиена каражаттары;
– кийим-кечелер.
«Баткенге көмөк» штабынын координатору катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Алманбетов дайындалды, телефону: 0552 00 00 95.

Эскетип кетсек, ошондой эле Республикалык штабдын Call-борбору 1227 жана 0705 15 13 00 номурлары боюнча иш алып барууда, ыктыярдуу негизде келип түшүүчү акча каражаттарын топтоо үчүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги» атайы эсеби ачылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: