Menu

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси болуп өттү

Бөлүшүү:

2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси болуп өттү.

Делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши тийиш экендиги айтылды.

Тараптар аскер техникасын токтоосуз түрдө туруктуу жайгашкан ордуна кайтарууга киришүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ар тараптуу олуттуу пикир алмашуу болду.

Топографиялык жумушчу топторго жакын арада мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен чек арага тийиштүү бардык маселелерди өз-ара түшүнүшүү жана өз-ара ишеним духунда чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: