Menu

Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү президенттерге кайрылды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттерине кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча кайрылуу жолдошту.

30-апрелдеги онлайн жолугушууда даярдалган кайрылууда алар чек арадагы ок атууну тезинен токтотуп, агрессивдүү кадамдарга баруудан баш тартууга чакырышкан. Ошондой эле коңшу жашаган эки эл бир топ кыйынчылыкты ынтымакта башынан өткөргөнү, эки өлкөнү жалпы тарых эле эмес, келечек да бириктирип турары белгиленген.

Эки өлкөнүн жарандык активисттери президенттерге абалды жөнгө салуу үчүн бир нече сунуш жолдошту. Анда президенттерди чек ара маселелерин жөнгө салуу үчүн жоопкерчиликти алууну, чек араны тактоодо курал колдонбостон, дипломатиялык жол менен чечүүнү, сүйлөшүүлөрдө ачык-айкындыкты камсыз кылууну, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча комиссияларынын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн, аялдарды кошууну сунушташты.

«Биз, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү азыркыдай оор кырдаалда өз салымыбызды кошкубуз келет. Биз айткан идеялар тез арада каралып, өлкөлөрүбүздүн тынч жана конструктивдүү өнүгүшүн камсыз кылабыз деген үмүттөбүз»,-деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле эки өлкөнүнүн жарандык коомуна да кайрылуу болду. Анда чек арада чыр-чатактын андан ары курчушуна жол бербөө үчүн жарандык коом өкүлдөрүнөн, эксперттерден, журналисттерден, активисттерден турган эксперттик топ түзү, ар кыл чагымчыл аракеттерге жол бербеш үчүн социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү, маалымат каражаттарында чек ара маселелелерин обьективдүү чагылдыруу жана эки өлкөнүн журналисттерин биргеликте иш алпаруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунушташкан.

Ошондой эле Тажикстандын аймагында жашаган этностук кыргыздарга жана Кыргызстанда жашаган тажик улутундагыларга басмырлоону же кастыкты болтурбоо үчүн жарандык коом өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү да каралган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталып, 29-30-апрелде уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын “Эркин Европанын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгаруу боюнча келишимге кол коюлганын билдирген.

Чек ара кызматы 2-майда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады. Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: