Menu

ИИМ: Баткенде кырдаал туруктуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал
туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда абал тынч болуп, түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар  катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция  кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө.  Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо,  чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп,  жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Куралдуу кагылышуу орун алган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан айылдарды министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милициянын кайгуул топтору менен биргиликте  кыдырып, жарандар менен жолугуп, коопсуздук маселелерин жеринде чечип, ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.

Учурда  ички иштер органдары Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында алдын алуу иштерин күн-түн жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: