Menu

Рамзан Кадыровдун кирешеси эки жылда расмий түрдө 50 эсеге көбөйгөн

Бөлүшүү:

Чечен башчысынын расмий сайтында Рамзан Кадыровдун 2020-жылдагы кирешеси жана мүлкү жөнүндөгү декларациясы пайда болду. Документке ылайык, анын кирешеси эки эсеге өскөн.

2020-жылы Кадыров 381 миллион рубль тапкан, 2019-жылы анын кирешеси 147 миллион, 2018-жылы жети жарым миллион болгон. Натыйжада Рамзан Кадыровдун байлыгы акыркы эки жылда 50 эсеге көбөйгөн. Декларацияда киреше булагы көрсөтүлгөн эмес.

Чеченстан башчысынын жеке менчигинде 32 миң чарчы метр эки жер тилкеси, 2344 чарчы метр үйү бар. Кадыровдун аялына дагы бир батир катталган.

Расмий түрдө Чеченстандын башчысынын бир дагы автоунаасы жок.

Буга чейин “Проект” басылмасы Рамзан Кадырвдун дагы бир аялы бар экени, анын наамында Москвадагы кымбат батири катталганы жөнүндө материал жарыялаган. Иликтөөгө караганда, Кадырдун аялы жалпысынан бери дегенде эле 800 миллион рублга тете кыймылсыз мүлккө ээ. Кремль Кадырдун кирешеси туралуу ЖМКларда жарыяланган материалдар кошумча иликтөөгө себеп эмес экенин айткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: