Menu

Сириядан Өзбекстанга 90дон ашуун аялдар менен балдар кайтарылды

Бөлүшүү:

30-апрель күнү кечинде Ташкентке “Мехр-5” операциясынын алкагында Сириянын “Аль-Хол” лагеринен 93 киши, анын ичинде 24 аял жана 69 бала келди.

Бешинчи жолку операция АКШ жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен ишке ашты.

Маалыматка караганда, аялдарды жана балдарды лагерде үч жылдан ашуун убакыттан бери кармап турушкан. Алардын күйөөлөрү Сириядагы согуш учурунда өлгөн. Келген балдардын жетөө томолой жетим.

2019-жылы “Мехр-1, 2, 3 жана 4” операцияларынын алкагында Өзбекстанга Сирия, Ирак жана Ооганстандан 400дөн ашуун аялдар жана балдар келген.

Келгендерге медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлөт, алардын документтери калыбына келтирилет.

БУУ январда Сириянын “Аль-Хол” лагеринде кыйноо көбөйүп жатканына өтө тынчсызданганын билдирген. 60 миңден ашуун аялдар жана балдар ачка, суука тоңуп күн кечирип жатканы айтылган. Соңку мезгилдерде киши өлтүрүү учурлары да көбөйүп жатканы белгиленген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: