Menu

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, тараптар аскер техникаларын өз аймактарына чыгарып кетүүнү аякташты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-май саат 9:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, өткөн түнү кандайдыр бир окуя же ок атышуу катталган жок. Чек арачылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын бойлой күзөт жүргүзүүдө.

Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарына чыгарып кетүүнү аякташты.

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссия кошумча күчтөр жана каражаттар жайгашкан аймактарды текшерүү иштерин улантууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипти кызмат өтөөдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: