Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда жабыркаган жарандардын дагы бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, каза болгон жаран Максат айылынын 1960-жылы туулган тургуну. Бул тууралуу маалымат брифинг учурунда келип түшкөн. Жалпысынан жаңжалдын кесепетинен 35 кыргызстандык каза болду.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында чыр 28-апрелде башталган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлгөн. Тараптар ок атышпоо жана аскерлерди чек аорадан чыгарып кетүүнү1-майда гана макулдашышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ