Menu

Видео – Чыңгыз Айдарбеков, экс-министр: “Тажикстанды репарация жолу менен компенсация төлөп берүүгө милдеттендирүү керек”

Бөлүшүү:

Мурунку тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын жарандарына жана өнөктөштөрүнө Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалга байланыштуу кайрылуу жасады. Видеокайрлуусун Facebook социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, тажик тараптан болгон мыйзамсыз иш-аракеттерди жөн калтырбаш керек, аларды жоопко тартуу керек.

“Жоопко тартуу үчүн эл аралык ыкмалар бар. Алардын бири – репарация. Бул жөн гана чыгымдарды толтуруу эмес, бул комплекстүү чара көрүү. Анын алкагында бир нече жыйынтыктарга жетсе болот: эл аралык коомчулук тарабынан агрессияны сынга алуу, эл аралык деңгээлде агрессия колдонгон тараптын аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, агрессияны жасаган тараптын эл аралык деңгээлде күнөөсүн монуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымдардын ордун толтуруу, жабыркаган тарапка, жарандарына материалдык жана моралдык компенсация төлөтүү ж.б.

Бул үчүн азыр мамлекетке жардам берүү керек. Апрель айынын аягында Тажикстан тарабынан Кыргызстанга жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео жана фотоматериалдарды чогултуу керек. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессиянын актысы үчүн Тажикстанды жоопко тартууга жардам берет. Кыргызстан эл аралык мамилелердин жооптуу субъектиси катары эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткарып, көптөгөн абройлуу эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун мүчөсү. Кыргызстан Тажикстандын агрессивдүү аскердик аракеттерин айыптоо үчүн дүйнөнүн колдоосуна муктаж болду. Душанбенин аракеттерин айыптап, Тажикстанды чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоодо союздаштарыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана боордош өлкөлөрдүн жрдамына ишенебиз”, – деди ал.

“Эл аралык иликтөө жүргүзүп, чек ара суроолорун чечүү үчүн тажик тараптын оор аскер техникасын жана курал-жаракты колдонуп, бир тараптуу алдын-ала пландаштырган аскердик агрессиянын натыйжасында ченей алгыс оор жоготууларды репарация жолу менен компенсация төлөп берүүгө милдеттендирүү керек. Анын үстүнө, гуманитрадык укуктун ченемдери жана принциптери көз көрүнө бузулду. Гуманитардык ченемдерге ылайык, туруктуу  аскерлер тарабынан жөнөкөй адамдарга, куралсыз адамдарга ок атууга, жарандык мүлктү жок кылууга, медициналык кызматкерлерге кол салууга жана тез жардам унааларын атууга тыюу салынган. Бул оор кылмыштар үчүн бирөө жооп бериш керек”, – деп билдирди экс-министр.

“Урматтуу мекендештер, бир баарыбыз дүйнөлүк коомчулукка жана Тажикстанга 21-кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуу жолу менен орто кылымдык метод менен маселелерди чечүү цивилизациялуу эмес экенин, натыйжалуу эмес экенин жана жазасыз калбастыгын көрсөтө алабыз. Келгиле, кылдын күчү жана коомдун биримдиги орой күчкө караганда күчтүү экенин көрсөтөлү. Бул биздин боордош тажик элинин агрессиясы эмес, бул айрым чиновниктердин чыккынчылыгы, кыянаттыгы, ошолор жоопко тартылыш керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: