Menu

Видео – Саясатчы Адахан Мадумаров чек арадагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-майда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча кайрылуу жасады.

“Эмне үчүн ушундай окуялар болду? Ушундай окуянын болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле? Мына ушул суроолорго тез аранын ичинде жооп берүүгө өтө оор, кыйын. Бардык жоопкерчиликти мойнума алдым деген жигиттердин шалаакылыгынан, сабатсыздыгынан, эч бир тоготпостугунан, же тышкы саясатты, же ички саясатты жүргүзө билбегендиктен, кадрларды тандай албагандыктан, “ким болсо, ошол болсун, мени колдосо болду деп кадр” саясатын жүргүзүп келип, ушул кейипти кийип отурабыз. Абдан өкүнүчтүү”, – деп билдирди ал.

“Мына ушундай оор мүнөттөрдө күнөлүүлөрдү таба коюп, айрыкча коопсуздук кызматынын жетекчисимин деген жигит кайда барса артынан бир автобус кишилерди ээрчитип, токтогон жеринде сүйлөтүп, дале болсо саясаттан такыр көңүлү калбагандыгы өкүнүчтүү көрүнүш.

Мына ошол жерде карапайым калк бир айдан бери кайра-кайра кулак каккан экен. Бир айдан бери кулак кагып атыптыр, кошуналардын үрөйү жакшы эмес. Булар эмнегедир техникаларын жыйнап, окоп казып, кандайдыр бир иш-аракет көрүп атат деген билдирүүлөрү бүтүндөй жоопкерчиликти моюнубузга алдык деген азаматтардын кулагына кирбегендиги, тескеринче ушундай оор кырдаал түзүлүп жатканда сыртка жеке үй-бүлөлүк маселе менен чыгып кетиши, бул ченеми жок жоопкерсиздик. Ар бир жерге барганда ар кандай сөздү айтып, тышкы саясаттын эмне экенинен кабары жок, будургутуп, кошуналардын дагы кыжырына тийип, болбогон сөздөрдү болду деп, жетишпеген келишимдерди келиштик деп, 4-5 жолу өзгөрткөндүктүн кесепети ушул күнгө алып келип отурат.

Кыргыз элим, баягыдай эле бир муштумдай түйүлүп, өзүбүз өз маселелбизд чечип, көмөк көрсөтүп, ар кимибиз колубуздан келишинче ыйлап жаткан Баткенге жардам берип жатканыбыз, дале болсо адамдык кейипти жоготпогонубуздан, пейилибиздин түз экенинен кабар берет”, – деди Адахан Мадумаров.

“Бүгүн “ким күнөөлүү деп?” биринин артын бири чукуп отургандын кажети жок. Эртең тынч заман келгенде, ар бир азамат өз жазасын өзү алат. Бүгүнкү күндө эң негизги маселебиз – элибиздин амандыгы, жерибиздин бүтүндүгү. Бүгүн бири-бирибиз менен ыркырашып отурбастан, бир муштумдай болушубуз керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: