Menu

Өзбекстан 17-майга чейин Түркияга аба каттамдарын токтотту

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясы 17-майга чейин Түркияга пландалган бир катар аба каттамдарын токтотту.

Расмий билдирүүдө бул коронавирус боюнча Түркиядагы эпидемиологиялык абалдын начарлагандыгына байланыштуу экени жазылган.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын төмөнкү багыттар боюнча каттамдары аткарылбайт:

14-май. HY 273/274. Ташкент – Стамбул – Ташкент;

7, 10 жана 14-май. Самарканд – Стамбул – Самарканд;

1, 5, 8, 12 жана 15-май. Фергана – Стамбул – Фергана;

2, 9 жана 16-май. Үргөнч – Стамбул – Үргөнч.

Ошол эле маалда Ташкент – Стамбул – Ташкент (HY 271/272) багыты боюнча күндүзгү каттамдар өзгөрүүсүз аткарыла берет.

Түркияда 29-апрелден 17-майга чейин толук локдаун киргизилген. Анын алкагында күнү-түнү коменданттык саат күчүндө болот.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: