Menu

4 айдын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 12,2 млрд сомду түздү

Бөлүшүү:

Ушул жылдын апрель айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү иш жүзүндө 3,753 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2019-жылдын апрель айы менен салыштырганда түшүүлөр 381 млн. сомго жогорулады, же өсүү темпи 111,3%ды түздү, 2020-жылдын апрелине карата 2,208 млрд. сомго жогорулады, өсүү темпи 242,9%ды түздү.

КР Экономика жана финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 83,6%га аткарылды.

Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү иш жүзүндө 12,181 млрд. сомду түздү. 2019-жылдын окшош мезгилине салыштырганда түшүүлөр 288,4 млн. сомго жогорулап, өсүү темпи 102%ды түздү, 2020-жылдын 4 айына карата 4,803 млрд. сомго жогорулады же өсүү темпи 165,1%ды түздү. КР Экономика жана финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 85,8%га аткарылды (2021-жылга жылдык план көрсөткүчү 2019-жылга карата өсүү темпи 111,8%, 2020-жылга карата өсүү темпи 167,4% менен белгиленген).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: