Menu

ИИМ: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды

Бөлүшүү:

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“К.А.” ЖЧКнын жетекчисинин орун басары башкы директорунун жоктугунан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалган
маалыматтарды берүү аркылуу эмгек ишмердүүлүгүн  ишке ашыруу шылтоосу менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына келүүлөрүнө уруксат берүүчү документтерди жасап жүргөн. Бул кызмат көрсөтүүсү үчүн сый акы алып жүргөнү маалым болгон.

Бул ЖЧКнын башкы директору болгон чет өлкөлүк жаран  М.Кнын  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгып кеткенден бери, анын орун басары жүргүзгөн ишмердүүлүк  жасалма болгон.

Жогорудагы ЖЧКда чет өлкөлүк жарандар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес жана тиешелүү болгон документтери жок башка иштерде иштеп жүргүндүгү аныкталды.

Аталган ЖЧКда чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу келүү жана жүрүү боюнча мыйзамсыз кызматтарды көрсөтүлүп келген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз
миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жетекчинин орун басары У.Р.га шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама тапшырылып, сотко жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: