Menu

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Бөлүшүү:

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 13 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:

Чаткал райондук соту:

Шарипбай уулу Керимбек;

— Чүй облусу:

Чүй облустук соту:

Койлубаев Алмаз Абдракунович;

Умуркулов Таалайбек Асканович;

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту:

Аккозуев Талант Ниязакунович;

Есекеев Керезбек Суеркулович;

Илиязова Назгүл Асанбековна;

Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;

Момуналиев Адис Жолдошбекович;

Чериков Нурлан Кийикбаевич;

Эсеналиев Нурбек Канатбекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: