Menu

Блинкен: Кытай өз өлкөсүнө репрессия, тышка агрессия көрсөтүп жатат

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америка-кытай жаңжалы жаралса, эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына каршы келе турганын билдирди.

«Буга жетүү, ал гана эмес бул багытты көздөй жылуу Кытайдын да, Кошмо Штаттардын да кызыкчылыгына терең карама-каршы келет», – деди ал CBS News телеканалына берген интервьюсунда.

Ошол эле маалда Блинкен соңку жылдары Кытай өз үйүндө өтө репрессивдүү жана чет өлкөдө агрессивдүү аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, бул факт экенин айтты.

Ал АКШ Бээжинди интеллектуалдык менчикти уурдоосу мүмкүн деп кооптонуп жатканын белгиледи. Блинкен Бээжинди «адилетсиз жана согуштук атаандаштыкка» айыптады.

Буга чейин АКШ Кытайды «дүйнөдө мерика кызыкчылыгын сактоо» алкагында алар Индия-Тынч океан аймагында аскердик күчтөрүн бекемдей турганын эскерткен.

10-февралда Пентагондо сүйлөп жатып Байден «Индия-Тынч океан чөлкөмүндө жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кытай тараптан күчөп бараткан коркунучтарга жооп берүү зарыл», -деп билдирген.

АКШ президенти Америка жумушчуларынын жана өнөр жайларынын кызыкчылыгына карама-каршы келген адилетсиз соода-сатыкка каршы турарын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: