Menu

Бишкектен Баткен облусуна 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти

Бөлүшүү:

Баткен облусунда бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан барган 40 медик иш алып барышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова медиа-штабда 2-майда өткөн маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, окуя башталган биринчи күнү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп, алардын артынан Бишкек жана Ош шаарларынан министрдин орун басары баш болгон бир нече медиктер кетишкен. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында 40 медик кызмат көрсөтүшүүдө. Бардыгы болуп 81 медицина кызматкери Баткен облусуна барган. 

Ошондой эле, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандар менен 7 психолог жана психотерапевтер иш алып барып жаткандыгын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кошумчалады.

Бүгүн 3-майдан тартып, Бишкектен Баткен облусуна кошумча 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: