Жалал-Абад шаарынан Баткен облусундагы жабыркаган элге эки жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын ыкчам штабы уюштуруу иштерин колго алып, элден гумжардам чогултулду. Жалпы 1 млн. сомдук азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар, жууркан-төшөк жеткирилди.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык мэриясында акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн кутуча ачылган. Учурда кутучага 260 миң сом акча каражаты топтолду. Акча каражатынан же азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо мэрияга келсе болот. 03722 2 30 93 номери иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ