Өзбекстандагы «Миллий тикланиш» демократиялык партиясынын төрагасы Алишер Кадыров Ташкентте өткөн концерттеги “чагымчылдыкты” айыптай турганын билдирди.
“Биз искусствого каршы эмеспиз, бирок искусствону саясий куралга айлантууга каршыбыз. Биз баш калаанын борбордук бөлүгүндө баскынчы, ата-бабаларыбызды, өзбек интеллигенциясын канга боёгон Советтик мамлекеттин желегинин көтөрүлүшү – өзбек элин кемсинтүү деп эсептейбиз”, – деди Кадыров.
Ал Башкы прокуратуранын бул “чагымчыл аракетке” баа беришин күтүп жатканын кошумчалады.
1-майда Ташкентте “Жеңиш ырлары” долбоорунун алкагында өткөн концерттин жүрүшүндө СССРдин кызыл туусу көтөрүлгөн. Анын сүрөтү концерттин уюштуруучуларынын бири эсептелген Россотрудничество уюмунун Өзбекстандагы бөлүмүнүн баракчасына жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ