Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Лейлек районунун Арка айылында 4 жашар баланын каза болгонун тастыктады. Муну менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда каза болгондордун саны 36га жетти.
Маалыматтар боюнча, 29-апрель болжол менен саат 19:15терде аталган айылда тажик тарап ок атып баштаган. Үйлөр өрттөлүп баштаганда, айыл тургундары тоону көздөй качышкан. Алар Фергана каналына жеткенде снаряд жарылып, 4 жашар Абидин каналга түшүп кеткен. Аны Тажикстандын чек арасына жакын жерден табышкан. Наристе тез унаасында көз жумган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1-июлда Абидин 5 жашка чыкмак. Ок атышуудан улам, үй-бүлө баланы туулуп-өскөн айылына жерге бере албай, Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Даргаз айылына коюшкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ