Menu

Түркиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси министр Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи А.Доган тарабынан Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу, эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын келечегин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулоо жолугушуунун негизги максаты болду.

Белгиленген менен бирге, 2021-жылдын 28-29-апрелинде адам курмандыктарына алып келген кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине көңүл айтып, Түркия Республикасынын Жетекчилиги кыргыз элине бекемдикти жана биримдикти, ошондой эле бардык жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүнү каалап кетти.

Министр түрк тарапка кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдердин чоо-жайы жөнүндө маалымат берди. Сүйлөшүү процессин мындан ары жемиштүү өткөрүү үчүн турукташтыруучу шарттарды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу тобунун ишин белгиледи. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды аткарууга кыргыз тарабынын ниетин баса белгиледи.

Эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгы тууралуу, Министр Р.Казакбаев боордош Түркия Республикасы менен түзүлгөн стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө терең кызыкдар экендигин белгилеп, А.Догандын Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары аккредитацияланышы өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө саламын кошоруна үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты, натыйжага багытталган жакынкы, орто жана узак мөөнөттөгү өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси А.Доган түрк тараптын, саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө терең кызыгуусун тастыктады. Кыргыз Республикасынын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана чыр-чатакта жабыркаган регионду калыбына келтирүү маселелеринде ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркия Республикасынын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: