Menu

Фото – Лейлекте чек арадагы башаламандыкта жабырланган жарандын баш сөөгүнөн окту алып салуу боюнча оор операция жасалды

Бөлүшүү:

Лейлекте Бишкектен барган хирургдар чек ара аймагындагы башаламандыкта жабырланган жарандын баш сөөгүнөн окту алып салуу боюнча оор операция жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кесиптештери менен биргеликте Баткенге жардам берүү үчүн кеткен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун (БТжОИИБ) анестезиолог дарыгери Каныбек у. Мирлан билдиргендей, 2021-жылы 2-майда Лейлек ЖДПБсына 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда башына жана көкүрөгүнө ок тийген 38 жаштагы бейтап келип түшкөн.

Жабырлануучу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Бишкек шаарынан барган дарыгерлер тобу тарабынан медициналык кароого алынып, консилиумдун жыйынтыгы боюнча денедеги жат бөлүкчөнү (ок) алып салуу боюнча шашылыш операция жасоо чечими кабыл алынган.

Операция Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун нейротравматолог дарыгери Илимбек Манапов жана Улуттук госпиталдын хирург дарыгери Уланбек Ташбаев тарабынан жүргүзүлгөн.

Операция эки саатка жакын созулуп, ийгиликтүү өттү.

Азыркы учурда бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: