Menu

КР ТИМдин башчысы БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

Бөлүшүү:
Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору О.Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Казакбаев жаңжал болгон кыргыз-тажик чек ара аймагындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берди. Учурда өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары абалды турукташтыруу, тынчтыкты сактоо жана Кыргызстандын Баткен областында жана Тажикстандын Согди областында куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Протоколдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө. Ал эми Министрдин өзү тажик визависи Сироджиддин Мухриддин менен байланышта экендигин маалымдады.
Министр, 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейинки кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 36 киши курман болуп, анын үчөөсү гана аскер кызматчысы, ал эми калгандары – жөнөкөй жарандар экенин, 160 жакын жарадар болсо, 30 миңден ашуун адам өлкө ичинде жер которуп, ошондой эле ураган үйлөр жана инфратүзүмдүк объектилер бар экендигин билдирди. Ушуга байланыштуу, Министр Кыргыз Республикасынын бул жарандарына гуманитардык жардам жана алардын үйлөрүн жана уроого учураган инфратүзүмдүк объектилерди кайрадан калыбына келтирүүгө жардам талап кылына тургандыгын билдирди.
Ошондой эле Министр 2021-жылдын 30-апрелинде анын БУУнун Борбордук Азиядагы Алдын алуу дипломатиясы боюнча Аймактык борборунун Башчысы Н.Герман менен телефондук сүйлөшүүсү жана Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Туруктуу Өкүлү М.Молдоисаеванын БУУнун Европа, Борбордук Азия, Түндүк жана Түштүк Америка боюнча Башкы катчысынын жардамчысы М.Йенча менен жолугушуусу болуп өтүп, алар экөө тең Баткен областын жаңжалдан кийин кайрадан калыбына келтирүү иштерине колдоо көрсөтүүгө БУУнун агенттиктеринин даярдыгын билдиришкенин белгиледи.
БУУнун тутумунун Туруктуу координатору О.Ожиело курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Кандай гана маселелер болбосун, аларды тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн маанилүүлүгү жана өлкөнүн жетишилген макулдашууларды сактоону жактоосу камтылган Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Кыргызстандын элине кайрылуусун кубаттады. О.Ожиело ок атууну токтотуу жана Жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюу боюнча кыргыз тарабынын аракеттерин кубаттады. БУУнун агенттиктери кыргыз тарабынын өтүнүчтөрүнө ылайык Баткен областын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Туруктуу координатор учурда ар кандай ведомстволордон жаңжалдан кийин Баткендин жабыркаган айылдарын кайрадан калыбына келтирүү иштерине байланышкан ар түрдүү өтүнүчтөр келип түшүп жатканын айтты. Ушуга байланыштуу бул кайрылууларды координациялоо иштерин жүргүзүү зарыл экенин маалымдады.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыр тарткандардын көйгөйлөрүн чечүү аракеттерин координациялоо максатында үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: