Menu

Өкмөт Баткенге чет элдик журналисттерди алып барат

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак чыккан аймактарда журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

“Баткендеги окуя тууралуу дүйнө коомчулугуна туура, калыс маалымат жеткирүү үчүн эл аралык журналисттерди Баткенге алып бара жатабыз. Жеринде баарын көрсөтүп, айтып беребиз. Алар өз көздөрү менен көрүп, жыйынтык чыгарышсын”.

Чек арадагы чатак чыккан аймактарга Кыргызстанда аккредитациядан өткөн эл аралык маалымат каражаттары барат. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү жалпы 20 маалымат каражатынан 26 журналист бара турганын билдирди. Алардын онго жакыны чет элдик басылмалар. Калгандары жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180ден ашык киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: