Menu

Uzbekistan Airways 17 учагын сатат

Бөлүшүү:

Uzbekistan Airways авиакомпаниясы беш Boeing, беш Ил 76 жана жети Ил 114-100 учагын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу президенттин токтому менен бекитилген авиакомпанияларды трансформациялоо жараянын тездетүү боюнча «Жол картасында» жазылган.

Ага ылайык, Uzbekistan Airways жыл соңуна чейин Airbus A321neo LR үлгүсүндөгү эки учакты, кийинки жылы үч A321neo учагын ижарага алууну караштырууда. Аны менен катар жыл аягына чейин төрт A320 учагын толук эконом-класска (full economy) өткөрүп, кызмат көрсөтүү акысын 20-25% төмөндөтүүнү көздөп жатат.

Мындан тышкары авиакомпания Uzbekistan Helicopters компаниясы үчүн төрт Airbus (эки H125 жана эки H130) тик учагын сатып берип, бир Ми-8 тик учагын сатат деп күтүлүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: