Menu

ИИМ: Баткен облусунун аймагында коомдук тартип сакталып жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда бардык өрттөнгөн коомдук жайлар,  ишканалар, имараттар,  айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган буюм тайымдар эсептелип такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана  иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 47 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Айрыкча Максат, Кулунду, Интернационал, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдарындагы жана жалпы эле чек ара тилкелеринде жайгашкан айылдардагы ар бир келтирилген чыгымдар боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө.

Баткен облусундагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө,  аныктоо иштерин жүргүзүүнү министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөп жатат.

“Тергөө топторуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, энергетика министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дагы кирген. Чек ара  тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү- түнү күчөтүлгөн режимде казмат өтөп,  жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: