Menu

Видео – Томск шаардык миграция кызматында Өзбекстандын жараны сабалды

Бөлүшүү:

Орусиянын Томск шаарында жашаган Суражбек аттуу өзбек жараны Федералдык миграция кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлү тарабынан сабалганын билдирип, полицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ТВ2 басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, Суражбек Миграция кызматына кармалган таанышынын тек-жайын аныктоочу документтерин берүү үчүн барган. Андагы кызматкерлер алгач анын өзүнүн паспортун сурап, колундагы автоунаанын ачкычын байкап калган соң айдоочулук күбөлүгүн да талап кылышкан.

“Мен айдоочулук күбөлүк эмнеге керек экенин сурадым. Мени коштоп барган беткапчан кызматкер экинчи кабаттагы бөлмөлөрдүн бирине алып кирип, катуу сабады. Андан кийин тартып алган видеомду өчүрүүнү талап кылды», — деди өзбекстандык жаран.

Буга чейин Суражбек социалдык түйүндөргө өзү тарткан видеотасманы жарыялаган. Анда беткап кийген миграция кызматынын өкүлү андан паспортунан тышкары айдоочулук күбөлүгүн берүүнү талап кылып, өзү менен ээрчитип барып, кол көтөргөнүн көрүүгө болот.

“Кайсы өлкөнүн жаранысың? Өзбекстан Республикасынын? Бул жерге кир, тез. Камерага тартканды жакшы көрөсүңбү?” – деген кызматкер.

 

Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы “ВКонтакте” түйүнүндөгү баракчасына бул окуя боюнча аларга арыз келип түшкөнүн, текшерүү иштери башталганын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: