Menu

COVID-19: Индияда абал курч бойдон калууда

Бөлүшүү:

Индияда өткөн суткада коронавирус жуктурган 360 миңден ашык жаңы учур катталып, 3 417 бейтап каза болду.

Буга чейин мындай жогорку көрсөткүч бир дагы өлкөдө катталган эмес. Илдеттин кулач жайышына Индиянын саламаттык сактоо системасы даяр эмес болуп чыкты. Ооруканаларда өтө оор абалдагы бейтаптарга орун жетишпей, кычкылтек баллонунун таңкыстыгы байкалууда.

Индияда пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын саны 19 миллиондон ашты. Өлкөдө 215 миң адам коронавирустан өлгөнү тастыкталды.

Инфекциянын жайылышынан Түштүк Азиянын башка аймактары да жабыркап жатканы кабарланууда. Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүндө коронавирус жуктургандар көбөйүп, ооруканаларда оорундар, кычкылтек жана дары-дармек жетишсиз болууда.

Пандемиянын үчүнчү толкунун башынан өткөрүп жаткан Пакистан 4-майдан тартып Ооганстан жана Иран менен чек арасын эки жумага жапты. Ошол эле маалда бул мамлекеттерден келген пакистандыктардын өлкө аймагына киришине эч кандай чектөө жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: