Menu

63 өлкөнүн 250дөн ашык журналисти Орусиядагы эркин ЖМКларды колдоп билдирүү жасашты

Бөлүшүү:

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө иштеген 250дөн ашык журналист Орусиядагы DOXA, «Медуза» жана «Важные истории» басылмаларын колдогон билдирүү жасашты. Журналисттердин ачык катын DOXA студенттик журналы сайтына жарыялады.

“Орусияда бийликке Владимир Путин келгенден кийин мамлекет мыйзамдык чектөөлөр, айып пулдар, кылмыш иштери жана кожоюндарын алмаштыруу аркылуу көз карандысыз ЖМКларга басым көрсөтө баштады. Өзгөчө акыркы айларда Кремлдин көз карандысыз медиаларга жасаган чабуулдары күчөдү», — деп жазылган катта.

Анын авторлору «Важные истории» басылмасынын башкы редакторуна каршы кылмыш иши козголгонун, DOXA журналынын төрт редакторуна карата куугунтук болуп жатканын жана “Медузанын” “чет элдик агент” деп табылганын белгилешкен.

«Чет элдик агент» макамы басылмаларга бир катар аткарылбас талаптарды коет. Аларды аткарбагандарга ири өлчөмдө айып пулдар салынып, сайты бөгөттөлүп, журналисттерине кылмыш иштери козголушу мүмкүн», — деп жазылган катта.

Буга чейин орус бийлиги “чет элдик агент” тизмесине «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясынын Орусиядагы бир катар долбоорлорун, анын ичинде «Свобода» радиосун киргизген. «Роскомнадзор» мекемеси акыркы айларда аталган «Чет элдик агент» мыйзамынын катаал чектөөлөрүн сактаган жок деген доо менен ЭЕ/АҮ корпорациясынын орус тилдүү кызматына 100 миллион рублге жакын айып пул салган.

Каттын авторлору Кремль «көз карандысыз медиалардын оозун жаап, өлкө жарандарын эркин маалымат алуу мүмкүндүгүнөн ажыратууга ниеттенип жатат» деп эсептешүүдө. Алар Орусиянын бийлигин сөз эркиндигин коргоо боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга чакырышты.

Катка The Guardian, The Washington Post, Le Monde, Süddeutsche Zeitung, Reuters, “Немис толкуну”, “Украинская правда” өңдүү басылмалардын журналисттери кол коюшкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: