Menu

Улукбек Марипов: “Баткен облусу өзгөчө статуска ээ болуусу керек”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү иретинде документ даярдады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Көк-Таш (Төрт Көчө) айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен тарабынан кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле турак-жайлары талкаланган, же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үйлөр курулаарын билдирди.

«Кеп Баткен районундагы – 30, ошондой эле Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек»,- деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: