Эртең, 5-майда, президент Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамга кол коёт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Конституция күнү мамлекет башчысы жаңы конституцияга кол коёт. Баш мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Президент парламенттик шайлоого чейин убактылуу милдетин аткаруучу статусуна ээ болгон министрлер кабинетинин төрагасын жана өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Бул Конституция мамлекет башчысынын өзүнө дагы көп көйгөйлөрдү жаратат. Министрлер кабинети кетирген катасы үчүн биз президентти урушабыз. Ал ар бир курулуп бүтө элек мектеп же жол үчүн жооп берет. Айрыкча акыркы окуялардан кийин”, – деп жазды эл өкүлү.
Белгилей кетсек, 11-апрелдеги шайлоодо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Анда шайлоого катышкан шайлоочулардын 79,3 пайызы “макул” деген добуш берген, 13,7 пайызы каршы добуш беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ