Menu

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын зордукталгандыгы аныкталды

Бөлүшүү:

Экспертиза уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын зордукталганын аныктады. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын туугандарынын кызыкчылыгын сотто жактап жаткан адвокат Нурбек Токтакунов Facebook баракчасында билдирди.

“Бишкек ШИИБи Айзаданы өлтүрүү жана уурдоо боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, сотко жиберди. Маркум Замирбек Тенизбаев адам уурдоо, адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча айыпталып жатат. Кыздын зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн, муну анын бетиндеги жана буттарындагы жаракаттар далилдейт”, – дейт адвокат.

“Тергөөчү шашылыш түрдө ишти сотко жиберген. Эмне үчүн? Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин карамагында дагы бир ай бар болчу. Тергөөдө такташ керек болгон көптөгөн жагдайлар бар. Мисалы, өлүмдүн убактысы аныкталган эмес. Муну соттук эксперт жасайт, ал муну жасаган эмес жана суралган да эмес. Иш материалдарына караганда, милиция кинодогудай иштеген”, – дейт ал.

Токтакунов бул ишке милиция кыз уурдалгандан кийин токтоосуз түрдө масштабдуу издөө иш-чараларын уюштурган деген бурмаланган материалдар тиркелип жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон. Кызды уурдоого шектелген 4 адам кармалып, камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: