Бүгүн, 4-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 224 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 139, Ош – 1, Чүй облусунан – 63, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 11. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 96 561 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 225 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 90 146га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 133, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 58, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 9, Баткен облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 6, Ысык-Көл облусунан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1630га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ