Menu

МКК кызматкерлери Баткендеги окуялардын натыйжасында документтерин жоготкон жарандарга документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыра баштады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынын кесепетинен документтерин жоготкон жарандарга документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында үймө-үй кыдыра баштады. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Ордунда, документтерге муктаж жарандардын тизмелери түзүлүп жатат. Иш-аракеттердин алгоритми бир нече этаптан турат: жарандарды калктын бирдиктүү реестринин тутумунда тактоо, архивдик материалдар менен иштөө жана эң акыркысы жаранды документтештирүү.

Баткен областынын Лейлек районун айылдарын кыдыруунун жыйынтыгында, көптөгөн жабырлануучулардын жанында документтери бар экендиги аныкталды. Бирок, документтерин жоготуп алган жарандар да бар.

Учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына көчмө мобилдик топ тартылып, жабырлануучуларга жеринде документтерди даярдап берүү боюнча арыздарды кабыл алып жатышат. Жарандарды документтештирүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык: Баткен жана Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган.

Жабыркаган жарандар Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин эсебинен акысыз документтештирилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

50 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: