Menu

Фото – Баткенге 572, 931 тонна гуманитардык жардам келди

Бөлүшүү:

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572, 931 тонна гуманитардык  жардам келип түштү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын 515,081тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57,850тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам  катары, негизинен азык-түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар келүүдө.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КР Жогорку Кеңеши, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, “Кызыл Ай” коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар,  кайдыгер карабаган катардагы жарандар ж б түзүүдө. 

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11684805,92 сом каражат которулган.  

Белгилей кетсек облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү  боюнча  КР  Өкмөтүнүн  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевдин  атайын  буйругу  чыккан. Бул боюнча облустук коммисия түзүлгөн. 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: