Menu

Аламүдүн районунда ок-дары жана баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда ок-дары жана баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Аламүдун РИИБдүн кызматкерлерине бир эркек киши үйүндө ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү иштерин жүргүзүү  учурунда Аламүдүн районундагы айылдардын бириндеги кароосуз калган үйдө жашаган эркек киши аныкталаган. Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгон  47 жаштагы Б.З. аттуу жаран экендиги такталган. Аны кароо учурунда жанынан желим баштыкчага оролгон өңү кочкул жашыл түстөгү зат табылып, жүргүзүлгөн эксперизанын негизинде баңги заты экендиги аныкталып, жалпы салмага 69,38 граммды түзгөн. Андан сырткары 5,45 мм калибрдеги  жана 12 мм калибрдеги ок-дарылар табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, Алынган баардык далил буюмдарга экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: