Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ,3-майда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Соода палаталар жана товардык биржалар Союзунун (TOВВ) Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана уюшкан өнөр жай зоналарынын мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу, электромобилдерди чыгаруу, катуу таштандыларды кайра иштетүү, бажыны модернизациялоо, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасын реформалоо ж.б маселелерди талкуулашты. TOВВнын Президенти Р.Хисаржыклыоглу жакын арада Кыргызстанга иш-сапар менен барууну көздөп жатат.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 2021-жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда өтүүчү 10-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна TOВВ тарабынан түрк ишкерлеринин катышуусу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат үчүн: Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзу өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк органдарда жеке сектордун кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бей өкмөттүк уюм. Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык Түркиянын палаталарында жана биржаларында мүчө болуу бул милдет.

Учурда 365 аймактык соода, өнөр-жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары ТОББнын мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн. ашык түрк компаниялары иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: