Menu

Казакстан менен Кытай Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландоодо

Бөлүшүү:

Казакстан менен Кытай Алматы облусунун Панфилов районундагы Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул маселе эки өлкөнүн өкмөттүк деңгээлинде каралууда.

Акыркы үч жылда дарыядагы “Достук” түйүнүндө суунун деңгээли азайып кеткен. Адистер суу сактагыч куруу менен суу тартыштыгын чечүүгө болот деп эсептешет.

“Казсуу” мамлекеттик ишканасынын директору Алтай Елжасовдун билдиришинче, ишкана жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте жаңы суу сактагычтын курулушунун сметалык документтерин иштеп чыгып, өкмөткө сунуштайт.

“Аталган объект трансчек ара аймагында жайгашкан. Ошол себептен бул маселе эки өлкө өкмөтүнүн деңгээлинде каралып жатат. Бирок ага карабай, жергиликтүү аткаруу органдары объект салына турган жерди аныктап, сметалык документтерин жасап, Экология министрлигине тапшырат”, -деди ал.

Хоргос – Казакстан менен Кытай чек арасынын боюндагы Иле дарыясынын оң агымында жайгашкан. Жалпы узундугу 270 чакырымдан ашат.

Андагы “Достук” гидротүйүнү 2013-жылы пайдаланууга берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: