Menu

Наталья Никитенко: “Биздин алдыбызда тажик тараптын баскынчылык аракеттерине укуктук баа берүү боюнча өтө маанилүү милдет турат”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында 2021-жылдын 28-30-апрелинде Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда болуп өткөн чек ара жана куралдуу кагылушуу тууралуу маалымат угулду. Жыйын кандуу окуя мезгилинде каза болгон жарандарга таазим кылуу менен башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирет.

Тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенко мамлекеттик органдар көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоо, жергиликтүү тургундардын кайтып келип, бейпил турмуш сүрүүсү үчүн бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү багытында иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

«Албетте, биздин алдыбызга мамлекеттик чек араны бекемдөө, укук коргоо органдары менен куралдуу күчтөрдү реформалап, алардын натыйжалуу жана ишенимдүү күчкө айлануусу боюнча аракет жасоо милдети турат», – деди депутат Наталья Никитенко. Ал Кыргызстандын алдында улуттук мыйзамдарды жана эл аралык тажрыйбаларды колдонуу менен, коӊшу өлкөнүн баскынчылык аракеттерине укуктук жана юридикалык баа берүү боюнча өтө маанилүү милдет турганын кошучалады.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин, Аскер прокуратурасынын, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Экономика жана финансы министрлигинин чек ара жаӊжалынын кесепеттерин жоюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтар угулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: