Иран кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Расмий Өкүлү Саид Хатибзаденин кайрылуусунда: “Иран жакында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аралык кагылышууларды жана алардын натыйжасында эки тараптын курман болгон жана жабыркаган жарандарын тынчсыздануу менен байкоодо”, – деп айтылат.
ТИМдин Өкүлү Ирандын эки мамлекеттин лидерлери чек аралык жаңжалды токтотуу боюнча биргеликте көргөн чараларын жогору баалаганын белгилеп, Ирандын тараптардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү үчүн жардам берүүгө жана өзүнүн укуктук жана техникалык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ