Menu

Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майда түркмөн тарабынын думилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Р.Мередов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Өз кезегинде Р.Казакбаев түркмөн кесиптешине боор ачып көңүл бугандыгына ыраазычылыгын билдирип, 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун учурдагы абалы жөнүндө маалымдады.

Р.Казакбаев менен Р.Мередов эки тараптан тең көптөгөн жоготууларга жана жарадарларга алып келген, чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүү керек деген пикирелери дал келди.

Р.Мередов түркмөн тарап кыргыз тараптын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү катары, Кыргызстандын чек ара аймагындагы кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жаткандыгын белгилеп, ушул өңүттө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин кубаттады.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер органдарынын жетекчилери кыргыз-түркмөн эки тараптуу мамилелеринин абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу бийик жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар жакынкы арада алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын алкагында жолугушууларды уюштурууга макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: