Menu

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө акчалай жардам, кийим-кече жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамды берүү боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул акция министрлик менен Ассанабил эл аралык кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү.

Ализа Солтонбекова биргелешкен кызматташтыктын негизинде социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим, толук жетим балдарга гуманитардык жардамдар дайыма көрсөтүлүп тургандыгын белгилеп өттү.

«Биз көп жылдан бери Ассанабил фонду менен иштешип келе жатабыз. Биз мындан ары да кызматташтыгыбызды бекемдеп, калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн демөөрчүлөрдү тартабыз», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: