Menu

УКМК: Тажикстанга күйүүчү-майлоочу материалдар контрабандалык жол менен ташылып жатат деген маалымат жалган

Бөлүшүү:

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстан Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча жайылтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Видео материалдарда көрсөтүлгөн күйүүчү майларды ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюуучу жайлардын күйүүчү майларды сактоочу жерлериндеги күйүүчү майларды чыгарып жатышат.

Учурда контрабандалык жүктөрдү алдын алуу боюнча МСК, МАИ, РИББ жана УКМК Мобилдик топторунун башкармалыгынын инспекторлорунун курамында Лейлек районунда (Исфана шаары, Кайрагач жана Сай аймактры) 3 жерге мобилдик посттор орнотулду. Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу майлар Тажикстан Республикасына экспорттоонун алдын алуу иштери тийиштүү тартипте көзөмөлдөлүнөт. Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин, Мамлекеттик салык кызматынын инспекторунун катышуусунда узатылып жүргүзүлөт. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардан кайтарып алуу иштери, Мамлекеттик Салык Кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

Май куюучу жайлардын тизмеси:

Дареги Май куюучу жайлардын аталышы Объекттин түрү
1 Арка Асман Ойл 29 күйүп кеткен
2 Жаштык БС Петрол күйүп кеткен
3 Арка Россия күйүп кеткен
4 Арка Ала-Тоо күйүп кеткен
5 Арка Асман ойл 22 күйүп кеткен
6 Арка Асман ойл 42 күйүп кеткен
7 Арка “777” күйүп кеткен
8 Арка Бостон күйүп кеткен
9 Арка Шоро күйүп кеткен
10 Арка НБК күйүп кеткен
11 Арка Росснефтьгаз күйүп кеткен
12 Арка Бектур күйүп кеткен
13 Арка Жаштык күйүп кеткен
14 Арка Келечек күйүп кеткен
15 Арка Салават күйүп кеткен
16 Арка Достук күйүп кеткен
17 Арка Бек күйүп кеткен
18 Арка Асман Ойл 5 күйүп кеткен
19 Арка Асман ойл 21 күйүп кеткен
20 Арка Силквей күйүп кеткен
21 Арка Бостон 1 күйүп кеткен

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: