Россия Федерациясынан Москва шаарынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала Кыргыз Республикасына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Балдардын мекенине кайтарылышы Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмү жардамы менен уюштурулган. Кайтарылган балдар Кыргыз Республикасынын аймагына келиши менен балдар үйүнө жайгаштырылган. Эми адистер үй-бүлөлөрү менен биригүү үчүн жакын туугандарын издей башташат.
Белгилей кетсек, быйыл Ирак Республикасынан 79 бала өз мекенине кайтарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ