Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-майда Instagram социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
“Мен жумушумду аябай жакшы көрөм. Бирок, кызматтан кетүүгө аргасызмын, аткени мэрдин м.а. жүргүзгөн саясатына макул эмесмин. Мен кыйкырып, сөгүп-тилдегенге чыдап иштей албайм. Мэриянын кызматкерлери жыйынга катышкандан коркуп калышты, анткени бүт бардыгын эле жумуштан айдап жатышат. Бул менимче профессионалдуу эмес”, – деди ал.
“Мэрияда жакшы мамилеге татыктуу көптөгөн профессинол кызматкерлер бар. Бул кызматтан кетип жатканыма өкүнүп жатам. Тилекке каршы, мен мындан ары Бактыбек Жапаровичтин жасаган мамилесине чыдай албайм. Мен ден-соолугумду сактоо үчүн кетип жатам, бирок шаардын жыргалчылыгы үчүн, адамдарга жардам берүү үчүн иштей берем”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Айжан Чыныбаева вице-мэр болуп 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ