Menu

Улукбек Марипов: “Бизнестин жана мамлекеттин биригүүсү бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгууга көмөк берет”

Бөлүшүү:

Бизнестин жана мамлекеттин биригүүсү бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгууга көмөк берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди.

«Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардын учурунда жабыркаган турак-жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди калыбына келтирүү, шилендилерди тазалоо ишине киришти. Мен кечээ гана Баткен облусунан келдим жана бизнес-коомчулуктун, тактап айтканда, курулуш компаниялардын өкүлдөрү талкаланган жана өрттөнүп кеткен жайларды калыбына келтирүүгө колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү билдирип жаткандыгын угуп кубандым. Биз иш ыкчам жана сапаттуу жүрүшү үчүн күч-аракетибизди координациялообуз керек. Калыбына келтирүү үчүн каражаттар бар жана алар бөлүнгөн. Бирок көмөгүңүздөр ашыкча болбойт», – деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы маалымдагандай, мамлекеттик бюджеттен калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн.

«Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 млн сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 млн сому талкаланган турак-жайларды курууга жумшалат. Дал ушул жерде сиздердин тажрыйбаңыздар баалуу болуп саналат. Биз бардык тийиштүү шарттары каралган заманбап турак-жайларды куруубуз керек.  Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак-жайларга жайгашуусу үчүн иштерди тез арада баштообуз зарыл», – деп белгиледи Премьер-министр.

Курулуш компаниялардын жана башка бизнес тармактардын өкүлдөрү Баткен облусунун инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Кенешменини жыйынтыгы боюнча жакын арада аймакка барып, бизнес тараптан конкреттүү кандай мүнөздөгү жана көлөмдөгү жардам керектелерин жеринде аныктоо чечими кабыл алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун аймагында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Мындан тышкары, 5 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 фельдшердик-акушердик пункт, 3 бала-бакча, 2 милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, 2 чек ара заставасы жана 1 клуб жараксыз абалга келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: