Menu

Армения ТИМинин башчысы адам курмандыгына алып келген кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу кыргыз элине көңүл айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-майда армян тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Армения Республикасынын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Ара Айвазян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Армения ТИМинин башчысы 2021-жылдын 28-29-апрелиндеги адам курмандыгына алып келген кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын элине көңүл айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Р.Казакбаев ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш райондорундагы абал жөнүндө маалымдады. Чыр чыккан зонадагы чыңалууну жок кылуу максатында кыргыз тараптын демилгеси боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр болду, анын жыйынтыгы боюнча толугу менен ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгаруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун чектеш участокторундагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу боюнча Протоколдун алкагында турукташтыруу жана  милдеттемелердин аткарылышын контролдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары кагылышуунун жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына гуманитардык жардам берүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө.

Армян дипломаты өз кезегинде чыңалуунун андан ары уланышына жол бербөө жана ортодо чыккан кагылышууну өчүрүү боюнча эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууларды жогору баалады. Бул контекстте А.Айвазян Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин иш-аракеттерине жогору баа берди. Көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.

Тараптар эки тараптуу күн тарбинин актуалдуу маселелерине да көңүл бурушту. Жигердүү саясий диалогду максаттуу түрдө  улантуу тастыкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: