Menu

Казакстан президенти Түркмөнстанга барат

Бөлүшүү:

Казакстан президентинин Түркмөнстанга боло турган сапарын эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Рашид Мередов менен Мухтар Тлеуберди телефондо талкуулады. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстан Тышкы иштер министрлиги телефондук сүйлөшүүнү түркмөн тарап демилгелегенин белгиледи.

28-апрелде Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди Түркмөнстанга чакырган. Телефондук сүйлөшүү учурунда Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан Түркмөнстандын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү экенин айткан.

Президенттер соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүп, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга макулдашкан.

Казакстан президенти Түркмөнстанга качан барары так айтыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: