Menu

Чуулгандуу аткаминер Абдужаббор Рахмонзода Тажикстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Абдужаббор Рахмонзода Тажикстандын Өзбекстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка 4-майда Эмомали Рахмон кол койду.

Рахмонзода буга чейин Тажикстан президентинин социалдык өнүгүү жана коомчулук менен байланыш маселелери боюнча кеңешчиси болгон.

Тажикстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Содик Имоми өткөн аптада Тажикстан тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган.

Абдужабор Рахмонзода мурда Тажикстан мамлекеттик телерадиосунда төрага, билим берүү жана илим министри, Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп иштеген. 2004-жылы мамлекеттик телерадиодо күтүүсүздөн кызматкерлер арасында жат жазуу жаздырып, “атакка” жеткен. Министр кезинде ал мектепке диний кийим жана кыска юбка кийип келүүгө, мобилдик телефон колдонууга жана окуучуларды мектепке жеке автоунаалар менен ташууга тыюу салган.

Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору кызматын аркалаган жылдары Абдужаббор Рахмонзода кыздардын сабакка бийик такалуу бут кийим кийип келүүсүнө бөгөт койгон. Сабакка келбегендерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушу кызуу талкууга алынып, кийин билим берүү министрлиги муну “мыйзамсыз” деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: